КоомКылмыш-кырсык

Адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

ИИМдин Күзөт кызматынын милиционерлери оор кылмышка шектелген жаранды кылмыштын изи сууй элегинде кармашты.

7-ноябрь күнү таңкы маалда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн кызматкери батирлердин биринде белгисиз адамдын бычакталганы тууралуу маалымат алган. Милиция кызматкеринин үстүндө форма кийими болгондуктан, жарандар ага дароо кайрылышкан. Ал ыкчам аракеттерди көрүп, дароо күзөт бөлүмүнүн кармоо тобунун кайгуулдагы экипажына, ошондой эле 102 кызматына маалымат берген. Окуя болгон жерден мас абалындагы жаран чыгып, колундагы бычакты ыргытып, окуя болгон жерден изин жашырып кетүүгө аракет кылган. Бул учурда милиция кызматкери тарабынан кармоо чаралары көрүлгөн. Ошол учурда Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн кармоо тобунун экипажы менен бирге шектүүнү үйдүн кире беришинен кармашкан. Кармалган жаран мурда соттолгон 1979-жылы туулган А.Л. экендиги аныкталган. Кылмыш болгон жерди текшерүүдө батирдин ичинен бычактан жаракат алган адамдын сөөгү табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмыш чырдан улам жасалган. Окуя болгон жерге Ленин райондук ИИБдин тергөө-ыкчам тобу жана райондук прокуратуранын кызматкерлери барышкан.
Учурда аталган факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button