Коом
Кыргызстанда ID-паспортторду Tunduk тиркемеси аркылуу алмаштырууга болот
Кыргызстанда ID-паспортторду Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу алмаштыруу боюнча жаңы кызмат ишке кирди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жарандар аталган тиркемеден паспорт алмаштырууга бүгүнтөн тарта арыз бере алышат. Арыз берилгенден кийин бардык документтер 1-3 күндүн ичинде текшерилет.
Даяр паспортту алуу үчүн тандалган Калкты тейлөө борборуна документтердин түп нускалары менен адам өзү баруусу зарыл.
Жаңы сервис жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан.