КоомКылмыш-кырсык
Күйөөсү тарабынан бычакталган аял каза болду
Бишкекте жубайлар уруша кетип, күйөөсү аялын бычактап, андан соң өзүнө кол салган, ал эми жабыркаган келин каза тапты. Бул туурасында ШИИБден кабарлашты.
Үй-бүлөлүк чыр түндө болуп, 27 жаштагы келин таңкы бештер чамасында бычакталганын милициядагы маалымат булактар билдиришти. Алдын ала берилген маалыматта аялга он жолу бычак урулуп, эсине келбеген тейде көз жумганы айтылат.
Тартип сакчыларга саат 07:40тар чамасында ооруканадан кандуу окуя боюнча маалымат түшкөндөн кийин атайын топ кылмыш болгон Шералиев көчөсүндөгү үйгө барган.
Өзүнө да кол салып, төшүнөн жаракат алган 34 жаштагы эркек учурда Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринде реанимация бөлүмүнө жаткырылып, сыртынан кайтарууга алынган.
Маалымат булагы жубайлардын эки баласы бар экенин билдирди.
Милициядан кандуу окуя боюнча иликтөө, тергөө иштери жүрүп жатканы айтылды.