Коом

Садыр Жапаров Тогуз-Торо районунун жашоочулары менен жолукту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-ноябрда, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Тогуз-Торо районунун жашоочулары менен жолугушту.

Анда мамлекет башчысы акыркы жылдардагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүү жаатындагы жетишкендиктерин белгилеп өттү. Айрыкча быйыл азыркы эгемен Кыргызстан башат алган Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында бир топ объектилер ишке киргизилди.

Садыр Жапаров бүгүн болсо эксклавда жашап кыргызстандыктарды Кара-Суу районуна — Жаңы-Барак айылына көчүрүп, түптөлгөн жаңы конушту өрүлүктөп келгенин айтты. Ал акыркы жылдары өлкөдө бардык тармактарда алгылыктуу жумуштар жасалып, калктын жашоо-шартын жакшыртуу багытында сезилээрлик жылыштар байкалып жатканын белгиледи.

“Бул аракеттерден Тогуз-Торо району дагы куру эмес деп ойлойм. Тогуз жолдун тоому саналган, үч облус менен чектешкен Тогуз-Торо районунда да социалдык-экономикалык, инфратүзүмдүк, маданий иштер жүрүп жатат. Айыл чарбасы, өнөр жай, кайра иштетүү жаатында да иш-аракеттер жасалууда. Кышы катуу бул өрөөнгө зарыл болгон Бишкек-Ош жолунун “Жалал-Абад – Маданият” тилкесин реабилитациялоо долбоору аяктады. Ал эми “Түндүк-Түштүк” альтернативдүү жолунун курулушу 2025-жылдын жай айларында толук аяктайт деп турабыз”, — деди президент.

Мамлекет башчысы ошондой эле жакынкы убакта башталуучу “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу да план боюнча мына ушул аймактан өтөрүн айта кетти. Бул ири долбоордун ишке ашуусу менен туңгуюктагы Тогуз-Торо району өлкөнүн транзиттик потенциалы чоң аймактардын бирине айланат.

Садыр Жапаров бул райондо социалдык-экономикалык мааниси чоң жолдор салынып, ал эми райондогу ички жолдорго асфальт төшөө ыраат-ырааты менен жүргүзүлүп жатканына токтолду.

Тогуз-Торо районундагы Союз мезгилинен бери каралбай калган “Казарман” аэропорту толук реконструкциядан өткөрүлгөнү — каттам тармагына байланыштуу дагы бир кубана турган көрүнүш. Президент анын ишке берилүүсү менен жашоочулардын жол азабы жеңилдеп, элдин эки жакка каттоосу бир топ жакшырат деген ишенимин билдирди.

Садыр Жапаров мамлекет өлкө боюнча сугат суусуна өзгөчө көңүл буруп, каналдарды тазалоо, суу чыкпаган жерлерге суу чыгаруу, БСР, БДРлерди куруу иштерин колго алып жатканын белгиледи.

“Мен жергиликтүү бийликтин көмөгү астында, эң башкысы мына сиздердин – район жашоочуларынын биримдигинин арты менен ашар уюштурулуп, узундугу 9 чакырымдан ашуун “Доржу” каналын реконструкциядан өткөрүлгөндүгүнө абдан кубандым. Биримдиктин, ынтымактын, бир максатты көздөөнүн натыйжасында райондогу 456 гектар жерге сугат суусу жетип олтурат”, — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Андан соң мамлекет башчысы кызыккан суроолорун бериш үчүн жергиликтүү тургундарга сөз берди. Жергиликтүү тургундар негизинен бала бакчаларды ачуу, таза суу менен камсыздоо, туруктуу интернет байланышы, ички жолдорду жакшыртуу жана башка социалдык маселелерди көтөрүп, алар боюнча Садыр Жапаров президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаевге тиешелүү тапшырмаларды берди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button