КоомКылмыш-кырсыкСаясат

Темирлан Султанбеков менен Ирина Карамушкина 2 айга камакка калтырылды

«Социал-демократтар» партиясынын төрагасы Темирлан Султанбеков, партиянын штаб башчысы Ирина Карамушкина, партия мүчөсү Роза Турксевер эки айга тергөө абагында калтырылды. Бул тууралуу алардын жактоочусу Айбек Турдуев билдирди.
Бүгүн Свердлов райондук сотунда кармалгандардын бөгөт чарасы каралган. Султанбеков, Карамушкина жана Сурксевер эми 13-январга чейин камакта болушат.
Буга чейин Бишкек ШИИББи кармалгандар шайлоочудардын добушун сатып алууга шектелип кармалганын маалымдаган. Шаардык милиция «Социал-демократтар» партиясынын штабынын жетекчиси алдыда боло турчу жергиликтүү кеңештердин шайлоосунда элдин добушун сатып алууну талкуулап жатат деген маалымат тараткан. Андан соң «Добуштарды сатып алуу» беренеси боюнча иш козголгон.
14-ноябрда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы “Социал-демократтар” партиясын шайлоодон чететтүү чечимин кабыл алган.
Эске салсак, 17-ноябрда 33 шаардык жана 231 айылдык болуп, жалпысы 264 жергиликтүү кеңешке шайлоо өтөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button