Коом

Дональд Трамп Ак үйдүн тарыхындагы эң жаш маалымат катчыны дайындады

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Ак үйдүн тарыхындагы эң жаш маалымат катчыны, 27 жаштагы Кэролайн Ливитти дайындады. Бул туурасында РИА Новости жазды.

“АКШнын 45 жана 47-президенти Дональд Трамп Кэролайн Ливиттин Ак үйдүн маалымат катчысы болорун жарыялады. Кэролайн буга чейин Дональд Трамптын шайлоо өнөктүгү боюнча коомдук байланышка жооптуу болуп, анын пресс-катчысынын жардамчысы болуп иштеген”, — деп айтылат маалыматта.

Ливитт Нью-Гэмпшир штатында туулган. Кэролайн “акылдуу, чыдамкай жана чыныгы коммуникатор экенин далилдеди” деп айтылат маалыматта.
Буга чейин тарыхтагы эң жаш маалымат катчынын кызматын 1969-жылы 29 жаштагы Ричард Никсон аркалаган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button