Коом

Жыл башынан бери Кумтөрдөн 9 тонна 316 килограмм алтын казылды

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК ушул жылдын 10 айында 9 тонна 316 килограмм алтын өндүрдү. Бул тууралуу ишкананын президенти Алмазбек Барыктабасов билдирди.

Анын айтымында, алтын өндүрүү боюнча план ашыгы менен аткарылган.

«2021-жылы 14 тонна алтын өндүрүлгөн. 2022-жылы 17,3 тонна. 2023-жылы 13,5 тонна. Ал эми 2024-жылдын 10 айында “Кумтөр Голд Компани” ЖАК алтыны 9 тонна 316 килограммды түздү. Жалпысынан ушул толук эмес үч жыл ичинде “Кумтөр Голд” ишканасында 40 тоннадын ашык алтын өндүрүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле ал мамлекетке өткөн үч жылга жетпеген убакытта Кумтөрдүн таза кирешеси 1 млрд 174 млн доллардан ашканын кошумчалады.

«Үч жыл арасындагы убакытка токтоло кетсек, 2021-жылы таза кирешебиз 233 млн доллар, 2022-жылы 372 млн доллар, 2023-жылы 302 млн долларды түздү. Ал эми 2024-жылдын октябрь айын кошо эсептегенде Күмтөрдүн таза кирешеси 266 млн долларды түздү. Жалпылай сумманы алсак, толук эмес 3 жылдын ичинде Кумтөрдүн таза кирешеси 1 млрд 174 млн доллардан ашты”, — деди ал.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button