Ашууларда жол ачык, каттамдар бар
Бүгүн, 22-ноябрга карата өлкөнүн ашууларында жол ачык, каттам бар.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөөөдө.
Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк ашуусунда, Бишкек-Ош жолунда, Боом капчыгайында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунда, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Чар, Долон, Ак-Бейит, Түз-Бел, Кубакы ашуулары жана Өтмөк, Ала-Бел, Төө-Ашуу менен башка жолдордо каттам бар.
Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Талдык, Тоң-Мурун ашууларында да жол ачык. Тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштери жүргүзүлүүдө.
Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.