Бийликти басып алууга шектелген жаран Россиядан алып келинди
Орусияда иштеген Турду Акматалиев Красноярск шаарынан кармалып, Кыргызстанга алып келингени белгилүү болду. Бул тууралуу «Азаттыкка» Турду Акматалиевдин күйөө баласымын деп тааныштырган Абдурасул Турдукулов аттуу жаран билдирди.
Анын айтымында, Турду Акматалиевди Орусиянын күч түзүмдөрү Красноярск шаарынан быйыл 22-мартта кармаган. 28-октябрда Кыргызстанга алып келинген. Сурак учурунда тергөөчүлөр Фейсбуктагы билдирүүсү үчүн кармалганын айткан.
Ага Кылмыш-жаза кодексинин 327- («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар») беренеси менен айып тагылган.
Бул маалыматты Бишкектин Биринчи май райондук соту тастыктап, 31-октябрда бөгөт чарасы каралып, 30-ноябрга чейин камакка алынганын билдирди.
Жакындарынын айтымында, 63 жаштагы Турду Акматалиев «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү болгон. Ал 2017-жылдан бери Орусияда курулуш тармагында эмгектенип жүргөн.
Булак: Азаттык