КоомКылмыш-кырсык

ИИМ: Бишкекте синтетикалык баңгизатты каткан жаран кармалды

ИИМдин БМЖКККна «А» аттуу жаш жигит Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында “Телеграм” социалдык тармагы аркылуу синтетикалык баңгизаттарды таратуу менен алектенип жүрөт деген ыкчам маалымат келип түшкөн.

Бишкек шаарында тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүү учурунда 2006-жылы туулган А.А.М. аттуу жаран кармалган. Жеке тинтүү учурунда кармалган жарандын кара барсеткасынан скотч менен оролгон 16 даана брикет табылып, алынган, андан кийин баңгизаттарды кайсы жерге катып жатканын көрсөткөн.
Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык алынган заттар синтетикалык «Альфа — ПВП» баңгизаты болгон.

Бул факт КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде каралган “Сатуу максатында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо” кылмыштын белгилери боюнча Биринчи май райондук ИИБнын КБРге катталып, кылмыш иши козголгон.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча атайын тергөө иштери жүрүп жатат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button