Президент Садыр Жапаров «Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо жана салык төлөөдөн баш тартуу менен салык салуудан качууну алдын алуу жөнүндө» макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Тиешелүү макулдашууга 24-апрелде Баку шаарында кол коюлуп, мыйзам өзү Жогорку Кеңеш тарабынан 23-октябрда кабыл алынган.
«Макулдашуу кош салык салууну болтурбоо жана бир гана өлкөдө салык салуу боюнча кепилдиктерди берүү жолу менен чет өлкөлүк компанияларга биздин өлкөнүн экономикасынын ар кандай тармактарына инвестициялоо үчүн шарттарды түзөт», — деп жазылган маалыматта.
Ошондой эле документ бир мамлекеттин резидентин экинчи тарапта дискриминациялык салык салуудан коргоо, салык салуулардан качууга же макулдашуунун жоболорун кыянаттык менен пайдаланууга жол бербөө максатын көздөй турганы белгиленди.