Коом

Бишкекте азык-түлүк жарманкеси өтүп жатат

23-24-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында социалдык маанилүү азык-түлүк продукциясы жана керектелүүчү товарлардын жарманкеси өтөт.

Жарманкени Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Бишкек шаардык мэриясы менен биргеликте уюштурууда.

Жарманкенин максаты ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо менен бирге айыл чарба продукцияларын шаар тургундарына дүң баада сатуу болуп саналат.

Өндүрүлгөн айыл чарба азыктарын жана кайра иштетилген продукцияны сатууну каалаган жеке ишкерлерди жарманкеге чакырабыз. Ошондой эле министрлик Кыргызстандын баардык фермер-дыйкандардын продукциясын сатууга шарт түзүп берет.

Белгилей кетсек, жарманке ар жуманы дем алыш күндөрү өткөрүлүп турушу максатталууда.

Жарманке Бишкек шаарынын Н.Жетикашкаева жана А.Токомбаев көчөлөрү (12 кичирайону), Түгөлбай-Ата көчөсү, Эркиндик жана К. Тыныстанов (ЖД Вокзал) көчөлөрүнүн кесилиштеринде өтөт.

Суроолор боюнча Министрликтин кызматкерине байланышсаныздар болот: 0702 702 000.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button