Президент Садыр Жапаров “2024-жылдын 4-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашууну (Кадимки операциялар [жеңилдетилген]) (Туруктуу финансылык башкарууну жана мамлекеттик башкарууну жакшыртуу программасы – 1-чакан программа) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (Атайын операциялар) (Туруктуу финансылык башкарууну жана мамлекеттик башкарууну жакшыртуу программасы – 1-чакан программа) ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2024-жылдын 13-ноябрында КР Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты 4-жылдын 2024-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган КР министрлер кабинети менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашуунун (Кадимки операциялар [жеңилдетилген]) (Туруктуу финансылык башкарууну жана мамлекеттик башкарууну жакшыртуу программасы – 1-чакан программа) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашуунун (Атайын операциялар) (Туруктуу финансылык башкарууну жана мамлекеттик башкарууну жакшыртуу программасы– 1-чакан программа) күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду жүзөгө ашыруу болуп саналат.
Жогорудагы макулдашуулардын алкагында Азия өнүктүрүү банкы 50 млн АКШ доллары өлчөмүндө (43,0 млн АКШ доллар – кредит, 7 млн АКШ доллар – грант) бюджеттик колдоо көрсөтөт (финансылык колдоо түздөн-түз республиканын бюджетине жөнөтүлөт, аны жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашуу боюнча КР министрлер кабинети тарабынан жүзөгө ашырылат).