Коом
25-ноябрга карата аба ырайы
Бүгүн республика боюнча жаан-чачын жаабайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Мындай божомолду Кыргызгидромет таратты.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүйдө +9…+14, Талас, Ысык-Көл аймактарында +5…+10, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10…+15, Нарын жергесинде 0…+5 градуска чейин жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +11…+13, Ош шаарында +13…+15 градуска чейин көтөрүлөт.