Тажикстандын Согд облусундагы Бустон шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун кезектеги жолугушуусу болгонун министрлер кабинетинен билдиришти.
Анын жүрүшүндө өкмөттүк делегациялардын башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселелерин талкуулап, жумушчу топторго эки мамлекеттин чек ара сызыгын мындан ары тактоо боюнча иштерди улантуу боюнча конкреттүү тапшырмаларды беришкен.
Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өткөнү айтылды.
Эки өлкөнүн ортосундагы чек ара 972 чакырымга созулат. Буга чейин Бишкек менен Душанбе чек аранын 94 пайызын макулдашканы тууралуу айтылган.