КоомКылмыш-кырсык

Бишкектеги автокырсыктан 8 адам жабыркады

Бүгүн, 26-ноябрда Бишкектеги Барпы Алыкулов жана Жайыл Батыр көчөлөрүнүн кесилишинде (ЖЭБ-2 району) чыгыштан батышты көздөй катуу ылдамдыкта келе жаткан Мерседес Бенц жеңил унаасы №23 муниципалдык автобус менен сүзүшкөн. Кырсыктан 8 адам жабыркаган. Алардын 5и автобустун жүргүнчүлөрү, 3 адам жеңил унаада болгон. Бул окуя боюнча Бишкек ШИИБ маалымат берип, жеңил унаанын айдоочусу мас абалында болгонун билдирди.

«26-ноябрь күнү болжол менен саат 09:00 чамасында Мерседес-Бенц Е270 үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жаткан 2006-жылы туулган айдоочу Масалиев көчөсү менен батыш тарапты көздөй бара жатып, Алыкулов көчөсүнүн кесилишинде 1989-жылы туулган жаран башкарып бара жаткан Зонг-Тонг үлгүсүндөгү коомдук транспорт менен кырсыкка кабылган. Кесепетинен «Тез жардам» унаасы менен медициналык мекемеге ар кандай жаракат алган автобустун жүргүнчүлөрү жеткирилген.

Бул факты Бишкек шаарыгын ички иштер башкы башкармалыгында катталып, тергөө иштери башталып, бардык тиешелүү экспертизалар дайындалды. Унаалар айып пул короосуна киргизилген. Белгилей кетсек, медициналык күбөлөндүрүү учурунда, Мерседес-Бенц Е270 унаасынын айдоочусу мас абалында болгондугу аныкталып, акт түзүлгөн. Тергөө иштери улантылууда«,- дешти.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button