Коом

Жалал-Абад шаарында ири базардын курулушуна мезгил кутучасы салынды

Жалал-Абад шаарында жаңы муниципалдык базардын курулушуна мезгил кутучасын салуу аземи болуп өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мамасалы Акматов, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Кытайдын бешинчи инженердик бюросунун башкы директору Лю Дун баштаган коноктор жана шаар тургундары катышты.

Жаңы муниципалдык базар мурдагы “Телтору” атмайданынын ордуна курулууда. Анын жалпы аянты 22,5 гектарды түзүп, бул жайда кийим-кече, азык-түлүк, үй-тиричилик буюмдары сатылат.

Мындан сырткары, базардын аймагында заманбап автобекет, кампалар, унаалардын тетиктерин сатуучу жана унааларды оңдоочу, жуучу жайлар каралган. Эң негизгиси унааларды токтотуучу жайлары да абдан кенен болуп, базарга келгендерге ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

Базардын курулушун Кытайдын “Чайна стейт констракшн энджиниринг” компаниясы жүргүзөт. Базардын курулушуна 57 млн доллар инвестиция тартылууда. Ал эми курулуш иштери эки жыл аралыгында бүткөрүлөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button