Коом

Токтогул ГЭСине суунун үстүнө калкып жүрүүчү күн электр станциясы курулат

Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

26-ноябрда энергетика министри Таалайбек Ибраев Германияга иш сапар менен барды. Иш сапардын алкагында, Министрлер кабинети менен “Sonnenergie, a.s.”, “AB Progressio GmbH”, “LTI ReEnergy CleanTech Project Development UG” компанияларынын, “СЭС Токтогул” ачык акционердик коомунун, “СЭС Токтогул КГ” ачык акционердик коомунун ортосундагы эки калкып жүрүүчү күн электр станциясын куруу жана эксплуатациялоо долбоорун ишке ашыруу жөнүндө Инвестициялык макулдашууга кол коюлду. Кол коюлган документтин негизги максаты — Кыргыз Республикасынын жашыл энергетика долбоорлоруна инвестицияларды тартуу, электр энергиясын импорттоодон көз карандылыкты кыскартуу, энергетикалык коопсуздугун жана көз каранды эместигин бекемдөө болуп саналат. 

Тийиштүү документке энергетика министри Таалайбек Ибраев, “Sonnenergie, a.s.” компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Ян Зоненшаин, инвестор AB Progressio GmbH, башкаруучу өнөктөш Арнольд Беренс, LTI ReEnergy CleanTech Projekt Development UG компаниясынын башкаруучусу Михаэль Белльмер, «СЭС Токтогул» ЖЧК, «СЭС Токтогул КГ» ЖЧКнын башкы директору Ануар Топеев кол койду. Долбоордо 612 МВттык эки фазадан турган сунун үстүнө күн электр станциясын куруу пландалууда. Куруу иштери төрт жылга чейин созулат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button