Эрнст Акрамовдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилди
Медицина илимдеринин доктору, Эл баатыры Эрнст Акрамовдун сөөгү 27-ноябрда Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилди. Белгилүү хирург менен коштошуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында өттү.
Ага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурланбек Азыгалиев, парламенттин депутаттары жана дарыгерлер менен маркумдун жакындары катышты.
Эрнст Акрамов 26-ноябрда Бишкекте 89 жашында дүйнөдөн өттү. Ал илимдин 17 докторун жана кандидатын даярдап, 350дөн ашык илимий эмгек жазып, 23 патент алган. Эл аралык бир катар сыйлыктардын ээси. 1989-1992-жылдары СССРдин эл депутаты болгон. 2000-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланып, бирок мандатынан баш тарткан.