«Ак-Кула» ат майданы эки чет элдик компаниянын карамагына өттү
2024-жылдын 8-июлунда мэрияга ROX Group жана TNG Global Foundation компаниясынан ат майдандын мүлк комплексин сатып алуу сунушу түшкөн. Долбоорду ишке ашыруу үчүн бул компаниялар жергиликтүү туунду “РЦА Ливинг” ЖЧКсын түзүшкөн.
Келишимге ылайык, ат майдандын жер тилкеси 49 жылдык мөөнөткө берилди. Андан шаардык бюджетке 5,8 млрд сом түшөт. Ошондой эле, социалдык объектилерди, анын ичинде үч мектеп, үч бала бакча, сейил бак аймактарын, муниципалдык жолдорду, тротуарларды жана инженердик тармактарды куруу каралган. Келишим мөөнөтү аяктагандан кийин бардык объекттер Бишкек шаарынын менчигине акысыз, кайтарымсыз негизде өткөрүлөт. Бул социалдык долбоорлордун жалпы баасы 3,5 миллиард сомду түзөт.
Мындан тышкары, инвестор Бишкек шаарынын башкы планын иштеп чыгууга каражат бөлүүдө. Бардык шарттарды ишке ашыруунун натыйжасында борбор калаанын бюджетине 10 миллиард сомго чейин каражат түшөт.
Эски ат майдандын ордуна заманбап турак жайларды, бизнес борборлорду, коомдук имараттарды жана социалдык объектилерди куруу пландалууда.
Долбоорго инвестициянын жалпы көлөмү болжол менен 87 млрд сомду түзөт.