Коом
Мыйзамсыз диний ишмердүүлүктүн алдын алуу боюнча Координациялык жыйын өткөрүлдү
Бүгүн, 27-ноябрда Бишкек шаарынын Ленин районунда мыйзамсыз диний ишмердүүлүктүн алдын алуу боюнча Координациялык жыйын болуп өттү.
Жыйында 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясынын аткарылышы, радикализмдин алдын алуу, ошондой эле диний чөйрөдөгү жаралган көйгөйлөрдүн чечүү жолдору жана учурдагы диний абал талкууланып, тиешелүү кызматкерлерге тапшырмалар берилди.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, Ленин администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясы, Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам өкүлү, райондук билим берүү башкармалыгы жана аталган райондун диний кызматкерлери катышышты.