Коом
Ошто күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды
Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, кечээ, 27-ноябрда саат 18:18де Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ош облусунун Араван районунун Жаңы-Араван жана Араван айылдарында 3 баллга (Жаңы-Араван айылынан 3 чакырым түндүк батышка, Араван айылынан 6 чакырым түштүк чыгышта, Ош шаарынан 22 чакырым түштүк батышта) чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.