Коом

Жанар Акаев «Яндекс» таксиге нааразычылык болгонун билдирди

«Яндекс.Таксиге» миңдеген таксисттер арызданып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.

Анын айтымында, «Яндекс.Такси» такси рынокто 90 пайызды ээлеп, монополист болуп калган. «Башында Яндекс рынокко 7% төмөн комиссия менен кирген, андан кийин бара-бара аны жогорулата баштаган, натыйжада бүгүнкү күндө комиссия 21 пайызгага чейин өстү. «Яндексте» миңдеген таксист иштейт», — деди ал.

Ал айткандай, алгач комиссияны 10%, анан 15%, анан 17 пайызга көтөрүштү. «Бүгүн комиссия 21 пайыз, баалар асмандап кетти. Бул боюнча биздин жарандар, миңдеген таксисттер кайрылышат. Көбүнчө алар унааларды ижарага алып иштешет», — деп кошумчалады

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button