КоомКылмыш-кырсык

УКМК: Ысык-Ата районундагы  мыйзамсыз менчиктештирилген мейманкана комплекси мамлекетке кайтарылды

УКМК тарабынан текшерүү иш-чараларынын натыйжасында «Ысык-Ата» курортунун аймагында жайгашкан жалпы аянты 21287 чарчы метр мейманкана комплекси мамлекеттин балансына кайтарылды.

Тактап айтканда, 2006-жылы аталган мейманкана комплекси курулган 0,10 га жер тилкеси жеке жак тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилгени аныкталган.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында базар наркы 214 млн. сомду түзгөн объект мамлекеттин балансына кайтарылды.
КР УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген өнөр жай жана социалдык объектилерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу иштерин улантууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button