КоомКылмыш-кырсык

Ноокат районунун Көк-Жар айылдык милиция бөлүмүнүн башчысы кармалды

20-ноябрда Ноокат РИИБдин Көк-Жар айылдык милиция бөлүмүнүн башчысы милициянын майоруА. уулу Т. кызматтык кабинетинде кол алдында иштегендерден акча алып жатканы боюнча тартылган видео жарыяланган. Бул факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинде (Адамдардын тобу тарабынан пара алуу) каралган кылмыш курамынын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө Ош облусунун Ноокат РИИБдин Көк-Жар айылдык милиция бөлүмүнүн башчысы А. уулу Т. кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Соттун чечими менен камакка алынды. Учурда тергөө иштери уланууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button