КоомКылмыш-кырсык
Бишкектеги көп кабаттуу үйдөн 18 жаштагы жигит кулап каза болду
Бишкекте 18 жаштагы жигит жаңы салынып жаткан үйдөн кулап каза болду. Бул тууралуу Октябрь райондук ИИБден билдиришти.
Маалым болгондой, ал бала курулушта иштеп жүргөн. Окуя 27-ноябрда саат 18:00дө болгон.
Кайсы курулуш компаниясынын имараты экени азырынча белгисиз.
Тийиштүү экспертизалар дайындалып, милиция териштирүү иштерин жүргүзүп жатканы кошумчаланды.