Коом

Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматынын жаңы кайтаруу батальону ачылды

2024-жылдын 28-ноябрында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Бай-Мундуз айылында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын 10-түзөтүү мекемеси ошондой эле Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматынын 5-кайтаруу батальонунун аскер шаарчасынын ачылышы болду.


Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Аяз Баетов, Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы и/к генерал-майору Эгембердиев Аскат, Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматынын төрагасы полковник Джанузаков Адилет, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Текебаев Тилек катышты.
№ 10 ТМ буга чейин Жалал-Абад шаарында жайгашкан. Мындан эки жыл мурун ТМди шаардан сыртка чыгаруу чечими өлкө жетекчилиги тарабынан кабыл алынган. Жаза аткаруу жайынын көчүрүү аракети Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдагы атайын токтому менен ишке ашырылды. Ага жалпы 13 гектар жер аянты ажыратылып, курулуш иштери республикалык бюджеттен каржыланган. Ошондой эле аталган мекемени кайтарууга алган Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматынын 5-кайтаруу батальонунун аскер шаарчасы, кызматтык имараттар курулуп бүтүп, бүгүнкү күндө расмий ачылуу менен толук кандуу иштеп жатат.
Мекеменин ачылышында Юстиция министри Аяз Баетов сөз сүйлөп, Жаза аткаруу кызматынын жана Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматынын өздүк курамын куруу иштеринин ийгиликтүү ишке ашырылышы менен куттуктап, мекемени борбордон сырткары көчүрүү максатын, жаңы мекеме адам укугун коргоо боюнча дүйнөлүк стандарттарга шайкеш курулганын айтып өттү. “Кызматкерлердин кызмат өтөөсү, соттолгондордун тиричилиги үчүн дагы заманбап ыңгайлуу шарттар түзүлүп жатат” – деп белгиледи министр өз сөзүндө.
Иш-чаранын жүрүшүндө келген коноктор жаңы ачылган түзөтүү мекемесин кайтарууга алган 5-кайтаруу батальонунун аскер шаарчасынын жаңы имараттары, андагы аскер кызматкерлери үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышып чыгышты. 5-кайтаруу батальонунун командири полковник Сокеев Курманбек 2022-жыл 29-ноябрда башталган аскер шаарчасын көчүрүү, жаңы имараттардын пайдубалын түптөө иштери кыска убакыт аралыгында толук курулуп бүтүп, ишке киришкендигин белгиледи.
Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматынын төрагасы полковник Дажнузаков Адилет: “Кыргыз Республикасынын Президенти- Куралдуу Күчтөрдүн Башкы колбашчысынын коюлган тапшырмалары ийгиликтүү ишке ашып жатат. Республика боюнча башка түзөтүү мекемелеринен айырмаланып, № 10 түзөтүү мекемесинин аймагында бир катар өндүрүштүк ишканалар жана мекемеге караштуу кыш заводу ишке берилди. Бул эки эсе чоң жоопкерчилик. Анткени бул ишканалар үзгүлтүксүз иштөөсү үчүн мекеменин аймагына кирүүчү жарандарды, кызматкерлерди жана транспортторду көзөмөлдөп өткөрүү жайы аркылуу текшерилип өтүшөт. Нөөмөтчү аскер кызматкерлери өтө кылдат, мыйзамдуу аракеттерге жол бербегидей кыраакылык менен кызмат өтөөсү керек” – деп аскер кызматкерлери үчүн жоопкерчилик күчөгөнүн белгиледи.
Төрага ошондой эле өз сөзүндө аскер кызматкерлеринин заманбап, өнүккөн технологиялык шарттары бар имараттарда кызмат өтөөсүнө мүмкүнчүлүк түзүп берген мамлекет жетекчилеринин демилгесин белгилеп, терең ыраазычылык билдирди.
Жаңы батальон Жалал-Абад шаарынан 38 км., ал эми Бай-мундуз айылынан 6км. алыстыкта жайгашкан. Аскер кызматкерлери кызмат ордуна азырынча жеке унаалары менен Сузак, Базар-Коргон райондорунан, Жалал-Абад шаарынан өз жолдору менен келишүүдө. Аскер кызматкерлеринин кызматка келип-кетүүсү үчүн транспорт маселесин чечип берүү сунушу менен буга чейин батальондун командири полковник Сокеев Курманбек Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнө кайрылган, учурда маселе ачык бойдон калууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button