Коом
Кумтөр кенинин аймагында 140тан ашык аркар байырлайт
“Кумтөр Голд Компаниден” билдиришкендей, экологдор кендин төмөнкү зонасында аркарлардын санын аныктоо максатында мониторинг жүргүзүштү. Анда жалгыз жүргөн аркарлар жана 40 башка чейин биригип жүргөн аркарлардын топтору байкалган.
Жыйынтыгында ноябрь айына карата Кумтөр кенинин аймагындагы аркарлардын (тоо койлорунун) жалпы саны 140тан ашары аныкталган.