КоомКылмыш-кырсык
Кримтөбөл Женго 20 жылга эркинен ажыратылды
Кримтөбөл Кадырбек Досонов (Женго) 20 жылга эркинен ажыратылганын Sputnik Кыргызстан агенттигине укук коргоо органдарындагы жеке маалымат булактар билдиришти.
Чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган. Женго адам өлтүрүү, өмүргө кол салуу, кылмыштуу топ түзүү боюнча күнөөлүү деп табылган.
Өткөн жылдын 12-январында Бишкектин Курманжан датка көчөсүндөгү аялдаманын артында кылмыштуу топтун мүчөлөрү мыкаачылык менен сабалып, мунун кесепетинен алардын бири көз жумган. Экинчиси арматура менен сабалып, абалы оор болуп жаткан. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Адам өлтүрүү») менен иш козголгон. Эртеси адам өлүмүнө шектелип Досонов кармалган.
Досонов кылмыш чөйрөсүнөн «баш тарткан» уюшкан кылмыштуу топтун лидерлеринин бири болчу.