КоомКылмыш-кырсык

Сузактагы балдардын сабалышы боюнча окуя териштирилет

Сузак районундагы бала бакчада болгон окуя териштирилип, тиешелүү кызматкерлерге катуу чаралар көрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон белгилешкендей, бөбөктөр бакчада жүргөн учурда алардын ден соолугу жана өмүрүнүн коопсуздугу үчүн ар бир кызматкер жоопкер.

«Балдарга зордук-зомбулук көрсөтүүгө жол берилбейт жана катуу тыюу салынат. Ар бир баланын коопсуздугун камсыздоо, зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте видео көзөмөл уюштуруу колго алынат. Ошондой эле кызматкерлер арасында балдардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоо боюнча комплекстүү окутуулар уюштурулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бүгүн социалдык тармактарда Сузак районунун Октябрь айылындагы бакчалардын биринде тарбиячы балдарды сабап жаткан видео тараган.

Ошондой эле аталган окуяны Жалал-Абад облустук прокуратурасы дагы текшерүүгө алганы маалым болду.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button