КоомКылмыш-кырсык

Кеминде жоголгон жаранды издөө иштери уланууда

Кеминде жайлоого кетип дайынсыз болгон жаранды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Кемин районундагы Тар-Суу айылынан Жалгыз-Тал жайлоосуна 29-ноябрда чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан тургунду издөө иштерине бүгүн, 3-декабрда 4 куткаруучу жана 3 милиция кызматкери тартылды.

Белгилей кетсек, 1981-жылы туулган Ш.М. аттуу жаран 29-ноябрда жайлоодогу досуна учурашканы барган. Минип жүргөн аты келип, өзү кайтып келген эмес.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button