ЖаратмандарКоомМаданият

Ширин Костюк: «Мээрим менен бакыт толгон үйдө чоңойдум»

«Аты бийик аялзат»

Ширин Аалиевна менен баарлашууга кабинетине баш бакканымда эле анын өтө тыкандыгына көзүм чалдыкты. Жаркыраган айнек текче толо китеп, залкар жазуучубуз Ч. Айтматовдун учкул сөзү менен бирге эки портрети илинип туруптур. Терезе толо орхидея гүлдөрү…

ШИРИН КОСТЮК, Ж. Баласагын атындагы КУУнун журналистика жана коммуникация институтунун директору, социология илимдеринин кандидаты доцент: «Кичинекей үйүбүздө чоң бакыт жашачу…»

– Ширин Аалиевна, баарлашуубуз “Аты бийик аялзат”аттуу рубриканын алкагында болмокчу. Сизди, сырткы жүрүм-турумунда, ички жан дүйнөсүндө нарк-насилди бийик тутуп, улут уңгусун улап, өзөгүн өрчүтүп, тамырын жайылтып келаткан аялзаттарынын алдыңкы сабындасыз деп билем. Мындай тарбия башаты кайдан келип чыкты, ошондон кепти баштасак?

– Ырахмат, гезит рубрикасынын мааниси жакты. Ырасында ушул өңүттө сүйлөө бүгүнкү күндүн маанилүү маселелеринин бири. Дегеле аялзаты, кыргыз кызы жөнүндө пикирлешүү, баа-баркы, чен-өлчөмүн кеп куруу баарыбызга жагымдуу деп эсептеймин. Мисалы “кызга кырк үйдөн тыюу» дегенди көпчүлүк жалаң тыюу катары көрүп алышат. Бул деген кыз баланын эркин чектеп коюу эмес, кыздын ден соолугуна, жүрүм-турумуна, кам көрүү да. Кечинде жалгыз бараткан кызды «сен беймаал убакта кайда баратасың?» деп айтканыбыздын эмнеси жаман. Анын коопсуздугун бүтүн айыл-журттун ойлоосу. Кыз тарбиясы өтө маанилүүлүгүн айтып жүрөм. Бул бизге эле эмес, бардык улутка тиешелүү. Төрт баланын энеси катары бала тарбиялоодо аялзатынын ролу өтө жогору экендигин билем. Кыздарды сүйүп, кастарлап аздектеп, бекем тартип менен өстүрүү бул улуттун уңгусун улоо.

Эми сиз узаткан суроого кайрыла турган болсок, мен эки студенттин тун баласымын, советтик түзүлүштүн шартты менен окуган ата-энем ымыркайымда айылдагы ата-апама берип, окуусун улантышкан.

 – Ата-апа деп калдыңыз беле?

– Ооба, таене, таятамды ата-апа деп, бул нерсени кийин да өзгөртө албай койдум. Өз апамды эже дейм. Балалыгым Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылында өттү. Жашым өткөн сайын, бул тагдырыма кубанып, шүгүр кылам. Ата-апамдын колунда, айыл эли менен тагдырлаш болгонум, элеттеги жай турмуш көңүлүмө кыттай уюп, өмүр бою жакшы элес менен калды. Айылдын өз эрежеси бар, мындайча айтканда жамааттык жашоо. Аксакалдын наркы, жаштын ыйбаасы. Жамандык-жакшылыкта аралашасың. Жамааттык жашоо бул иреархия. Ыйыктык менен ченелген өз тартиби бар. «Улуу кишинин алдынан кыя өтпө», «Кыз бала көкүрөк керип, керилип-чоюлбайт» деген улуттук баалуулуктарга чөгөрүлгөн тарбия менен жашайсың. Адамзат уядан эмнени көрсө ошону алат. Мен да ошол жылуу уямдан көргөнүмдү алдым. Атанын орду, эненин мээрими толуп-ташып турган кичинекей бирок бардык айылга ылайыктуу шарты бар үйдө жашадык. Бирок мен ушул күнгө дейре ар бир майрамдар сайын балдарыма айтып, өзүм күн сайын ошол үйдү эстеп, биздин кичинекей үйдө чоң бакыт, атам менен апамдын мага болгон чоң сүйүүсү жашачу тура деп, жүрөгүмө кастарлап келем. Апамдын атама болгон сыйы, атамдын ошол сыйды сыйдай түшүнгөн үй-бүлөгө болгон чоң жоопкерчилик милдети, ороңдоп-корсулдабаган пейили болгон экен.

 – Атаңыз эркелетчү беле?

– Атам дайым Ширинтай, Ширинтайым, Акылкарачачым деп эркелетчү. Атамдын менин туура эмес кыймыл-аракетиме эң ачууланган абалын билдиргени: «Шири-ин!» – деп койгону болчу. Башка жаман сөз айтып тарбиялабады. Дагы бир нуска сөзү бар эле: «Сүйүүгө эркеле, кийимге эркеле, бизге эркеле. Бирок, тартип менен эмгекке эркелик жок!» дечү. Айылда эмне жумуш болсо баарын аткардым, шырдак шырып, тери ашаттым, төшөк көктөдүм. Бир гана атам мага мал бактырган жок.

 – Демек, апаңыз уз-чебер болгон тура?

– Уз-чебер деп айтпасам да болот. Бирок апам бул иштердин баарын аткарчу. Алиге дейре мен дагы бул үйрөнгөн өнөрүмдү улап келем. Апамдын тарбиясын элиме, түшкөн кайын журтума көрсөтө алдым. Кайненеге ыйбаа менен 20 жыл чогуу бир үйдө жашадык. Ал киши кайненелик, мен келиндик кылбай, эне-кыздай жүрдүк.

 – Кыз үчүн ата тарбиясы канчалык маанилүү?

– Атам мага макал-лакаптарды айттыра берер эле. Учурда коомго жайылган психолог, мотиваторлордун айткан сөздөрү бул эл ичиндеги биздин макал-лакаптын маани-маңызы. Аны кыргыз эчактан эле пайдаланып келген. Мисалы «эр тайын тартат» деп коет. Азыркынын илимге негиздеп айткан сөзүнүн төркүнүндө «эр тайын тартат» деген бир сөз турат. Ал психология, кала берсе генетика. Мына ушул сыяктуу илимге башат болгон накыл сөздөр, макал-лакаптарды, дастандарды ата-апам рух дүйнөмө сиңирип чоңойтту. Ар бир балага мотиватор биринчи өз ата-энеси болууга тийиш. Алгачкы айныгыс күйөрмандарым да атам менен апам болду. Алар мага улуу ишенимдерди тартуулады. Китеп окуу боюнча биздин үйдө бир жакшы адат бар эле. Жумасына үч жолу үн чыгара көркөм окучубуз. Ошондо атам «суроолуу сүйлөмгө суроолуу басым жаса, минтип оку, антип оку» деп үйрөтүп отурчу. Көрсө атам айылдык интеллигенциянын өкүлү катары китеп окууга, аны менен кошо чечендик өнөргө, үнүмдү калыптандырууга тарбиялаган экен.

 – Социалдык желелер, электрондук китептер көбөйгөн учурда китеп окуйсузбу?

–  Албетте, кандай чарчабайын, жок дегенде 15–30 минут убактымды бөлүп түндө китеп окуп, анан уктайм. Электрондук китептерди да окудум. Бирок кагаз менен типографиянын боегу жыттанган китепти окуунун ырахатына жетпестигин түшүндүм. Административдик жумуштар менен алек болуп жүрүп, толук канааттанып бериле китеп окуй албай, сарсанаа болуп жүргөм. Быйыл эмгек өргүүлөрүмдө 8 китеп окудум.

 – Ушул жашыңызда кандай тема, кандай жанрлар жакты экен?

– Бир учурда проза, дүйнө-таанымдык китептер, катарлаш эле поэзия жанрын сүйүп окуйм. Бир гана мага хоррор жанры жакпайт. Андагы адам аң-сезимине бүлүк салган, нерселерди жан дүйнөмө киргизгим келбейт. Чыгыш прозаиктери күчтүү жазып жатышат деген пикирдемин. Халед Хоссейнинин «Бегущий за ветром», Грег Мортенсон менен Дэвид Оливер Релиндин «Три чашка чая» деген китебин окудум. Халед Хоссейни афган турмушун жазуу менен эле адамзаттык глобалдуу маселелери болгон дүйнө тынчтыгы үчүн тынчсызданса, Грег Мортенсон жана Дэвид Оливер Релин Пакистандын бир айылында болгон окуя жөнүндө жазып, бүткүл адамзатка билимдин маанилүү экендигин өтө жеткиликтүү берет. Каза болгон карындашынын мончогун альпинисттер жете албаган эң бийик чокуга жеткирүүнү көздөп, бирок өтө катуу ооруп калып чокуга жетпей, аны бир кыштактын эли өлүмдөн сактайт. Ал жердеги бир тоголок кантка зар, ачкачылыкта болсо да, билимге суусаган, топуракка сууну уютуп тамгаларды жазган балдардын аракетин көргөндө бул айылга мектеп курууну чечет. Каржы маселесинде ар кайсы жакка кат жазат. Бир мектеп кура албай жүргөндө канчалаган өлкөлөр мечиттерди куруп жатышат деп ойлонот. Дүйнөнү өзгөртүү үчүн билимге жол гана алып барарын окурманга жеткирет. Ошол сыңары, кыздарга айрыкча билим алуу, сапаттуу билим зарыл. Болбоду дегенде өз балдарын тарбиялайт. Мен өзүм ушунчалык билимдүү болгум келет. Аны эңсеп, ой чабытымды кеңейтүүгө, жаңыртууга аракетим менен жашайм. Кызыктуу баарлашуучу инсанды издейм. Интеллектти бийик, ой чабытынын өрүшү өлчөөсүз баарлашуучу менен теңата сүйлөшө алуу бул бир гана билим менен ченелет. Эгер билимдүү болсоң, ар кайсы чөйрөдө өзүңдү эркин алып жүрө аласың.

 – Эл аралык деңгээлдеги иш-чараларга катышып, айрым фильмдерге калыстык да кылып жүрөсүз, мында сиз үчүн билим менен бирге эмне жардам берет?

– Мындай иш-аралар, медиа-форумдарда орус тили жардамга келет. Анда мен Ак-Талаамдагы алган билимимди эстейм. Мугалимдерибиз орус тилинен өзгөчө сабаттуу билим бергенине азыр да ыраазымын. Классташтарымдын да орус тилинен өтө сабаттуу, мыктылыгын көрөм. Эл арасында «Ак-Талаадан ары эле Марс бар, ал жагы космос» деп тамаша иретинде айтылган кеп бар. Ошондой алыс райондо билимдин терең берилгендиги союздун бизге белеги сыяктанат. Эң сонун китептерди, орус классиктерин райондук китепканадан окудум. Дүйнөлүк классиктер: Шекспирди, Гюгону Онера да Бальзакты айылдан тааныдым. Китепти кучактап алып, сюжеттик линиясына кайгырып, кубанып окуу өзүнчө эле ырахат.

 – Жаштарды китеп окууга кантип тартсак болот?

– Мен кайсы өлкөгө барбайын китеп көтөрүп келем. Кызымдын себине Дүйнөлүк балдар адабиятынын сериясын, бүтүндөй библиотекасын тартуу кылдык. Үч уулубуздун үйлөнүү тоюна да  ак тилек менен китеп чогултуп жаткан мезгилибиз. Эң кичүүсү үйдө калат, ага үйдөгү өмүр бою жыйнаган китептерибиз жетиштүү.

– Балдарыңыз китеп окушабы?

–  Биз балдарды китеп окууга көндүрүп, тарбиялаганбыз. Мага да ата-энемден мурас катары китеп өттү. Дүйнөлүк адабияттар жыйнагын убагында бир жугилиге сатып алалы деп, кардар чыкса бербей койгон китептерди ата-энем мага себиме кошуп беришкен. Биз да балдарга китепти мурас катары өткөрөбүз. Балалыгымдан баштап өмүр бою мени ээрчип келаткан – китептерим!

 – Фейсбук баракчаңызда “жээрип жүргөн желелерге кирүүгө жол алдым» депсиз, эмнеге жээрип, кайра эмнеге бул интернет желелерине баш бактыңыз?

– Мезгил талабынан жүз үйрүп кете албадым. Мени досторум, замандаштарым, студенттерим акыры ынандырышты. Ал дагы эле убакытты алат. Сага жазылгандардын алдында сенин жоопкерчилигиң бар, мен ошентип түшүнөм. Биринчиден факультетибизде болуп жаткан жаңылыктар менен тааныштыруу максатын көздөп кирдим. Жакшы жагы да, жаман жагы да бар. Сени жакындан билбегендер сыртыңдан тон бычышат. Жакшы жагы коом менен баарлашууга шарт табасың.

–  Салттуу журналистика менен блогерликтин айырмасы эмнеде деп ойлойсуз?

— Биз кааласак да, каалабасак да блогерлик биздин жашоого кирди. Аны кышында кар жаап, жазында жамгыр жаагандай эле мыйзам ченем менен кабыл алышыбыз керек. Албетте салттуу журналистикада эреже бар, өтпөй турган чек бар. Журналисттик кодекс бар. Ал жазылган же жазылбаган мыйзамдар. Кыргызда негизи журналист болуу кыйын иш. Анткени бир сөзгө канат байлап, бир сөздөн өлгөн, бир сөздөн өнгөн элге жагымдуу да, жеткиликтүү да, калыс журналист болуу өтө чоң билимди, тажрыйбаны, кылдаттыкты талап кылат. Ал эми блогерликти кесип деп айта албайм. Жакшысы футблогерлер, улуттун философиясын, жерин-элин даңазалаган, мекенчилдери бар. Бирок айрыкча саясатташкан, жаакташкан абалга өтүп алышты. Сулуулукту, достукту даңазалап, ыпластыктан, жаман нерседен качкан жаратман блогерлер көбөйсө коомдун оңолуусуна чоң таасири бар. Биздин улуттук университетте журналистика факультети менен тажрыйба алмашкан кытайлык докторанттар бар. Алардын социологиялык изилдөөсүндө биздин эл негативге көбүрөөк кызыкдар экени ырасталды. Өзүмдүн да түпкү кесибим социолог болгондуктан бул жаатта анализдерим бар. Фейсбукка киргенден бери эң жакшы жазылган аңгемелерди окудум. Бирок аларга пикир калтыргандар абдан аз.

–  А биз негативге ыктаган жаман илдеттен кантип кутулабыз деп ойлойсуз?

– Мисалы чүмбөттөлүп оронгон он тогузунчу кылымдын элесин берген динге ашыкча фанаттык кайдан келди? Бул айтып-деген, кулагына кумдай куйган үгүт менен келди. Демек биз да жакшылык үгүттү, жаркын келечектүү, билим-илимдүү үгүттү зар какшай берсек, айта берсек, жаман контентти жакшыга алмаштыра алабыз, жеңип чыгабыз .

 – Сизди түйшөлткөн коомдогу дагы кайсы маселени айтар элеңиз?

– Биздеги – кайдыгерлик. Жолдо жыгылып жаткан мейли мас, мейли оорулуу болсун кайдигер карай албайм. Анткени энемин. Менде бир ишеним жашайт. Бардык энелерде «өзүмдүн гана балам» деген түшүнүк болбошу керек. Энеге бардык балдар өз баласындай. Көчөдө балдар мушташып жатса арасына түшө калып ажыратканга аракет кылам. Бул балдардын да энелери чачы агарганча түйшүк артып, балдарын күтөт. Балдарыма «эч качан бирөөгө кол көтөрбө» деп тарбия берем.

 – Сулуулук сиз үчүн?

— Эгер аялзаттын сырткы сулуулугу эле болсо, оозун ачканда эле анын сулуулугу жоголот. Аялзаттын акылы, жан дүйнөсү менен сулуулугу шайкеш келбесе ал эч качан сулуу боло албайт. Сырткы сулуулукту кармап турган анын акылы, билими. Студенттериме да ушуну айтам. Беш жүздөн ашык студенттерибиз бар. Алар бизге аманат деп билем. Алардын жылуу кийингенине дейре айта жүрүүбүз, дегеле улуулар устаттык, улуулук сапаты менен жаштарды тарбиялай жүрүүсү милдет.

Маектешкен: Айнагүл Базарбаева

Булак: «Эркин-Тоо» газетасы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button