Дайырбек Орунбеков “Древо дружбы” алтын медалы менен сыйланды
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын Кеңеши Кыргызстандын президентинин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбековду ассамблеянын жана «Мир» Мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын “Древо дружбы” алтын медалы менен сыйлады.
Медалды Россиянын Москва шаарында “Мир” Мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын Директорлор кеңешинин жана Мамлекеттер аралык координациялык кеңешинин мүчөлөрүнүн жыйынынын алкагында КМШ ПАА Кеңешинин башкы катчысы Дмитрий Кобицкий менен «Мир» МТРКсынын төрагасы Радик Батыршин тапшырды.
Дайырбек Орунбеков Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин маалымат мейкиндигин калыптандырууга кошкон салымы үчүн жогорку сыйлык менен сыйланды. “Древо дружбы” медалы КМШнын ишмердүүлүгүн көрсөтүүдө жана мамлекеттер аралык кызматташтыкты чыңдоодо олуттуу жетишкендиктери үчүн ыйгарылды.
Белгилей кетсек, “Древо дружбы” алтын медалы Шериктештиктин алкагында конструктивдүү диалогду өнүктүрүүдө жана бирикмелик байланыштарды чыңдоодо объективдүү жана өз убагында берилүүчү маалыматтын маанилүү ролун таанууну символу.