Коом
Акыркы жумада эки адам чочко тумоосун жуктуруп алганы аныкталды
Кыргызстанда октябрдан бери грипптин кооптуу түрү болгон чочко тумоосунун (H1N1pdm) эки учуру аныкталганын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Ошондой эле бир жума ичинде курч респиратордук вирустук инфекциянын 7 335 учуру жана коронавирус менен ооруган бир бейтап катталган. Ал эми октябрдан бери COVID жуктургандардын саны 15ке жетти.
Министрлик өлкөдө эпидемиологиялык абал көзөмөлдө экенин белгиледи.
Чочко тумоосунун белгилери:
баштын жана булчуңдардын оорушу;
дем алуу органдары жабыркайт (кургак жөтөл, мурундун агышы, ангина, абанын жетишсиздиги);
дене табынын 38-39 градуска чейин жогорулашы;
алсыроо;
оорунун тез күчөп кетиши.