КоомКылмыш-кырсык

Коргоо министринин жардамчысы кармады

КР УКМК КР Аскер прокуратурасы менен биргеликте КР Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда (мамлекеттик же муниципалдык кызматтын тутумунда кызмат берүү үчүн пара алуу) каралган кылмыш ишинин алкагында КР Коргоо министринин жардамчысы полковник О.У.Ж.ны кармады.

Текшерүү учурунда аныкталгандай, аталган О.У.Ж. өзүнүн меркантилдик максаттарын көздөп, акчалай сый акы үчүн Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин айрым аскер кызматкерлерин карьералык тепкич боюнча дайындоо жана жогорулатуу менен алектенгендиги аныкталган.
Алсак, 2024-жылдын 25-майында аталган О.У.Ж., Бишкек шаарынын Аскер комиссариатынын Октябрь райондук бөлүмүнүн кызматкери О.Т.Б.дан, КР Коргоо министрлигинин аймактык бөлүмүнүн комиссариатына которуу үчүн 100 000 сом алган.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2024-жылдын 12-декабрында полковник О.У.Ж. КР Коргоо министрлигинин Бишкек гарнизонунун аскер комендатурасынын башкармалыгына киргизилди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button