КоомКылмыш-кырсык
Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды
Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Жабырлануучунун айтымында, ал 8-август күнү Сухэ-Батор көчөсүндө жайгашкан компьютердик клубдан таанышы менен жолуккан. Ал жерден жабырлануучу таанышына 35 миң доллар берип, ал бул суммага Тойота Хайландер үлгүсүндөгү унаа алып келүүнү сураган.Бирок ал убадасын аткарбай, из жашырган.
Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен катталган. Октябрь РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1969-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.