КоомСаясат

Жайлообай Нышановго депутаттык мандат берилди

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия Жайлообай Нышановго Жогорку Кеңештин депутатынын мандатын тапшырды.

БШКдан билдиришкендей, кечээ комиссиянын жыйынында «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча Нышанов Жайлообай Данибаевич Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталды.

Ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилди.

Жайлообай Нышанов өз арызынын негизинде БШК тарабынан мандатынан ажыратылган Чынберди Төлөновдун ордуна депутат болуп келди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button