УКМК: Баткен облусунун айыл аймагынын башчысы пара менен кармалды
КР УКМК кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Баткен облусунун Кадамжай районунда жеке турак-жай куруу үчүн жергиликтүү калкка жер тилкелерин бөлүп берүүдөгү коррупциялык схеманы аныктады.
Тактап айтканда, тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө айрым кызмат адамдары өз ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланып, жеке курулушка жер тилкелерин бөлүп берүү маселесин оң чечкени үчүн жергиликтүү тургундардан 100 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылгандыгы такталды.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында 2024-жылдын 14-декабрында 6600 АКШ доллары өлчөмүндө кезектеги параны алып жаткан учурда КР жараны Баткен облусунун Кадамжай районундагы Исхак-Полотхан айыл аймагынын башчысы Д.Ж. кармалды.
Алынган далилдердин негизинде Д.Ж. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Тергөө иштери жүрүп жатат.