Президенттин катышуусунда «Мейкин» сыйлыгын тапшыруу аземи өттү
Бүгүн А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында президент Садыр Жапаровдун «Мейкин» сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө бүгүнкү иш-чараны жалпыга маалымдоо каражаттарынын айрым өкүлдөрүнүн жетишкендиктерин гана эмес, өлкөнүн ырааттуу өнүгүүсүн чагылдырган окуя катары да сыппаттаса болорун айтты.
“Мейкин” сыйлыгы – жөн эле журналисттердин көңүлүн алуучу сыйлык эмес, бул – журналисттик принциптерге таянуу менен Кыргызстанды жаркын келечекке, жаңыча ой жүгүрткөн коом курууга күн сайын жакындаткандар үчүн уюштурулган сыйлык. Бул калеми мененби же фото, видео-камерасы мененби, айтор, азыркы Кыргызстандын көп кырдуу портретин тартып, анын татаалдыгын да, таасирдүү жетишкендиктерин да чагылдырып, улутубуздун тарыхый эс тутумун калыптандыргандар үчүн сыйлык”, — деп белгиледи Садыр Жапаров.
Президент Садыр Жапаров журналисттерди жеңиши менен куттуктап, аларга «Мейкин» сыйлыгынын статуэткасын, ошондой эле бир миллион сомдук сертификаттарды тапшырды.
«Мейкин»- 2024 сыйлыгынын лауреаттары:
Айсулуу Асанбекова, УТРКнын кабарчысы
“Бир эл – бир түндүк” номинациясы;
Аскар Маратов, ЭлТРдин оператору
«Керемет Кыргызстан» номинация;
Мария Индина, «Акчабар» финансы порталынын башкы редактору
“Салык өнүгүүгө салым” номинациясы;
Алимжан Алибеков, «Кут Билим» басылмасынын редактору
“Билим келечек” номинациясы;
Гүлбарчын Молдоева, УТРКнын Ысык-Көл облусундагы кабарчысы
«Куттуу элет» номинациясы;
Аида Аматбекова, «МИР» МТРКнын кабарчысы
«Мекен жана мен» номинациясы;
Дооронбек Адаханов, YouTube-блогер
«Мекендештер» номинациясы;
Рахат Кыдыртоктоева, ЭлТРдин алып баруучусу
“Кыргызстанда чыгарылган” номинациясы;
Елена Череменина, «Спутник Кыргызстан» маалымат агенттигинин жана радиосунун жетекчиси
«Сергек жашоо» номинациясы;
Улан Эшматов, эркин журналист
«Таза Мекен» номинациясы.