Коом

Ички иштер органдары эми автоунаа каттап, айдоочулук күбөлүк бербейт

Садыр Жапаров «КР ички иштер органдары жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү документке кол койгонун президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Мыйзам 2024-жылдын 21-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Президенттин буга чейинки жарлыгына ылайык, “Унаа” мамлекеттик мекемеси ИИМдин курамынан чыгарылып, министрлер кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик болуп кайра түзүлгөн.
Эми кол коюлган мыйзамга ылайык, укук коргоо органдары транспорт каражаттарын, алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды жана окуу уюмдарынын окуучуларын каттай да, кайра каттоону ишке ашыра да алышпайт. Ошондой эле квалификациялык экзамендерди кабыл алуу, айдоочулук күбөлүк жана тракторист-машинисттин күбөлүгүн берүү эми алардын компетенциясына кирбейт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button