Коом

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Ош облусунун тургундары менен жолугушту

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева Ош облусунун тургундары менен жолугушту.

Акыйкатчы менен жолугушууга 400дөн ашуун киши келди. Жыйынга облустагы мамлекеттик органдардын жетекчилери да катышып, элдин суроолоруна жооп беришти.

Аймак тургундары көбүнчө жер, турак жай, социалдык көйгөйлөр жана билим алуу укуктары бузулуп жатканын айтышты.

Ош шаарында жашаган этникалык кыргыз Акыйкатчыга кайрылып, Кыргызстандые паспортун алууга жардам берүүсүн суранды. Ал 20 жыл мурда Өзбекстандан тарыхый мекенине кайтып келгенин, бул убакыт аралыгында үй-бүлө күтүп, балдары бой жетип калганын айтты.

“Паспортум жок жашаган жеримден каттоого тура албай жатам. Менин туулгандыгы тууралуу күбөлүгүм Өзбекстанда калган. Аны барып алып келүү үчүн, өздүк документ болбогондуктан чек арадан өтө албайм. Кайрылбаган жерим калбады. Бардык мамлекеттик органдар менин өтүнүчүмдү жоопсуз калтырууда”, — деди ал.

Акыйкатчыга Кара-Кулжа районунун жашоочусу да жардам сурап кайрылды.
Анын Россияда иштеп жүргөн уулу эки ай мурда кармалып, учурда абакта олтурат.

“Уулум Красноярскта түрмөдө отурат. Биз баламдын эмне себептен кармалганын дагы билбейбиз. Жолугууга да уруксат бербей жатышат. Мен сиз менен жолугушууга атайын келдим, мага жардам беришиңизди суранам”, — деди аял.

Жамиля Жаманбаева Институт чет жерде жүргөн мекендештердин дагы укугун коргоорун айтып, Акыйкатчынын мандатына ылайык, жардам берерин билдирди.

Жолугушууда бир нече жаран Акыйкатчыдан Кара-Суу шаарындагы “Туратали” базарына жакын жайгашкан турак жайларга жана бизнес-объекттерине болгон укуктарын коргоп берүүнү суранышты.

Алардын айтымында, жергиликтүү бийлик өткөн жылы мамлекеттин көзөмөлүнө өткөн базар менен кошо айланасындагы дүкөндөрдү, үйлөрдү мамлекеттин карамагына алуу чечимин кабыл алган.

“Бизден үйлөр айыл чарба багытындагы жерге курулган деп, жер тилкелерин мамлекетке кайтарып берүүнү талап кылып жатышат. Менин үйүм 1955-жылы курулган. Бардык документтери бар. Ага карабай, сот бизди укпай жатат. Алар үйдүн мурдагы ээсин сотко чакырышыптыр, бирок ал каза болуп калган. Мага маалымдама да беришкен эмес, менсиз эле чечим чыгарышкан”, — деди аял.

“Менин ал жерде 2 дүкөнүм бар, экөөндө тең “кызыл китеби” бар. Бул жер участогун сатып алып жатканда баарын текшертип алганмын, документтери жайында болчу. Биз жашап жаткан үйүбүздү банкка коюп, ал жерди насыяга алганбыз. Эми кредиттен кантип кутулабыз?!”, — деп капаланды аял.

Ушундай эле маселе менен жалпы 10 киши кайрылып, мүлктөрүнө болгон укугун коргоп берүүнү өтүндү.

75-жаштагы Оштун тургуну да 2014-жылы сатып алган үйүн алдырып жиберүү коркунучунда турганын айтты. Анын айтымында, аялдын участогу профсоюздар федерациясына таандык болгон.
“Үйдү сатууга уруксат бергендер, үйдү мыйзамдаштыргандар бизге турак жай сатып беришсин”, — деди ал.

Жамиля Жаманбаева укук коргоо органдарын жана жергиликтүү бийликти бул маселелерди объективдүү карап, ак ниет сатып алуучулардын укугун коргоого чакырды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button