Коом
Баткенде быйыл 21 социалдык обьекттин курулушу аяктады
Баткен облустук курулуш башкармалыгы тарабынан, республикалык бюджеттин эсебинен, 2024-жыл ичинде облус аймагында 71 обьектиде курулуш, оңдоп түзөө жана долбоорлоо иштери жүрдү.
71 обьектинин ичинде 31 мектеп, 4 спорт комплекси, 7 балдар бакчасы, 6 административдик имарат, 3 саламаттыкты сактоо мекемеси, 2 маданият мекемеси, 4 таза суу обьектиси, 4 турак үйдүн капиталдык оңдоп түзөө иштери бар.
2024-жылдын жыйынтыгы менен 21 обьекттин курулушу аяктоодо.
Буга чейин 16 социалдык обьекти эксплуатацияга тапшырылды.
Алар 9 мектеп, 1 саламаттыкты сактоо мекемеси, 4 таза суу обьектиси, 2 административдик имарат.
31-декабрга чейин курулушу аяктаган дагы 5 обьектини тапшыруу пландалууда.