КоомКылмыш-кырсык

Бишкекте эки жигитти тоноп кеткен куралданган бет капчандардын иши иликтенүүдө

11–декабрь күнү Бишкектеги Чокморов көчөсүндө болгон каракчылыкка байланыштуу иликтөө иштери уланып жатат. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Окуянын кесепетинен 31 миллион сомдон ашык акча каражаты уурдалып, жабыркагандар жеңил жаракаттарды алышкан. Кылмышты белгисиз адамдардын тобу жасаган, алар бычак колдонуп, акча салынган рюкзакты тартып алышкан.

Милиция кызматкерлери тарабынан комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, каракчылыкка тиешеси бар төрт адамдын тең өздүгү аныкталган. Тергөөнүн амалдарынын кызыкчылыгына байланыштуу алар тууралуу маалымат сыр болуп, ачыкка чыгарылбайт. Учурда кылмышкерлерди кармоого багытталган ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

11-ноябрь күнү саат 16:50дө Бишкек шаарынын Чокморов көчөсүндө бычак менен куралданган беткапчан белгисиз төрт адам 31 миллион 264 миң рубль акчаны банктан алып жумушка бара жаткан 2004 жана 1996-жылы туулган жарандарга каракчылык кылып, кол салышкан. Кол салгандар жабырлануучуларга карата күч колдонуп, денесине залал келтирип, акча салынган рюкзакты тартып алышып, кылмыш болгон жерден Форд Фокус үлгүсүндөгү унаа менен качып кетишкен. Жабырлануучулардын колдору жана беттери кесилгендиктен ооруканага жеткирилип, тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button