КоомКылмыш-кырсык
Жалал-Абадда окубаган окуучулар класстан класска которулушкан
Жалал-Абад шаарында мектепте окубаган окуучуларды класстан класска көчүрүү фактылары аныкталганын Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, №3 Ж.Бакиев атындагы орто мектебинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду.
«Текшерүүдө мектептин жооптуу кызматкерлери окубаган балдардын өздүк иштерине жана класстык журналдарга жалган маалыматтарды киргизгени аныкталган. Мисалы, 11 жаштагы С.С. аттуу бала 2019-2023-жылдары Россияда жүргөнүнө карабастан, документтерде 1-класстан 5-класска чейин окуган деп көрсөтүлгөн. Ошондой эле 16 жаштагы Р.Ю. жана 10 жаштагы А.И. боюнча да ушундай фактылар катталган», — деп жазылган маалыматта.
Бул мыйзам бузуу боюнча прокуратура иш козгоп, материалдарды тергөө үчүн УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгына өткөрүп бергени кошумчаланды.