Коом

Эртеңден баштап Караколго каттамдар аткарыла баштайт

Ушул жылдын 19-декабрынан тарта Бишкек-Каракол, Каракол-Бишкек багыты боюнча авиакаттамдар «Асман Эйрлайнс» мамлекеттик авиакомпаниясы тарабынан аткарыла баштайт. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту» ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Манас Самидинов билдирди.

Анын айтымында, жумасына 2 жолу бейшемби жана жекшемби күндөрү аталган багыт боюнча учактар каттайт. Билеттин баасы 3100 сомдон башталат, лыжа жана сноубордторду учакка алуу акысыз.

“Билеттерди asmanairlines.kg же App Store, Google Play`ден asmanairlines.kg тиркемесин жүктөп алып, ошол жерден сатып алсаңыздар болот. Ош-Каракол, Каракол-Ош багыты боюнча каттамдар тууралуу маалыматты жакын арада кабарлайбыз”, — деди ал.

Белгилей кетсек, 11-декабрда Ысык-Көл облусундагы “Каракол” эл аралык аэропорту модернизациялоо иштеринен кийин ачылган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button