«Араңарда көндүм адатын кылып, министрликтер тараптан жеке кызыкчылыктары чечилбей калган үчүн кандай гана маселе болбосун каршы добуш берген 5–6 депутат бар. Аларга көңүл бурбай эле коёлу. Анткени көпчүлүк басымдуулук кылып, мамлекет үчүн пайдалуу, келечектүү маселелерди колдоп берип келе жатасыздар. Жыйынтыгында, көзгө көрүнөрлүк ири иштер жасалып, жалпы журтубуз менен бирге эл аралык коомчулук да алгылыктуу иштерибизди белгилеп келишүүдө. Менин күнү-түнү тынбай министрликтердин алдына койгон талаптарымды министрлер жана жалпы команда так жана ыкчам аракет кылгандарынын аркасында бүгүнкү жетишкендиктерге жетип отурабыз», – деди президент.