Коом
Кыргызстанда оор жүк ташуучу унаалар чыгарыла баштады
Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов социалдык тармактагы баракчасына жазды.
“Дагы бир жакшы кабар менен бөлүшө кетейин. «Шумкар» ачык акционердик коому SHACMAN үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унааларды чыгара баштады. Сыноолор ийгиликтүү өтүүдө”,-деп жазды ал.
Эске салсак, 2023-жылы 18-майында президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында эки тараптуу бир нече документтерге кол коюлуп, анын ичинде «ТНК Шумкар» ААК менен Xian Yuanchao компаниясынын ортосунда Кыргызстанда SHACMAN сериясындагы оор жүк ташуучу жана атайын багыттагы автоунааларды өндүрүү боюнча чогултуучу завод түзүү боюнча макулдашуу документине да кол коюлган.