Коом
Эми социалдык тармактан жалаа жапкандар жазаланат
Жогорку Кеңеш социалдык тармак аркылуу бирөөгө жалаа жапкандарга айып салуу боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.
Ага ылайык, эми интернетте бирөө-жарымды мазактап, жалаа жапканы үчүн жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык тараптарга 65 миң сом айып салынат.
Парламентте буга 68 депутат «макул» болсо, төртөө «каршы» добуш берген. Мыйзам долбоору президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.
Буга чейин министрлер кабинети жеке жактарды 100 миң сомго, юридикалык жактарды 200 миң сомго айыпка жыгууну сунуштаган эле.