КоомКылмыш-кырсык

Ак-Суудагы мечиттерден акча уурдаган жаран кармалды

Ак-Суу районунда мечиттердин садака кутучаларынан акча уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милицясынан билдиришти.

Милицияга Ак-Суу районунун Жолголот жана Теплоключенка айылдарындагы төрт мечиттин садака кутучалары белгисиз адамдар тарабынан талкаланып, ичиндеги акчалардын уурдалышы боюнча фактылар катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин «Уурдоо» беренеси боюнча кылмыш иштери козголгон.

Аталган фактылардын негизинде жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында кылмышка шектүү катары 2003-жылы туулган Каракол шаарынын тургуну В.А. кармалган. Алдын ала суракта шектүү күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.

Ак-Суу райондук сотунун чечими менен шектүү камакка алынып, тергөө амалдары уланууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button