ИИМ: Бишкек шаарында Баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик координациялык комитеттин жыйыны болуп өттү
19-декабрь 2024-жылы Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Нурбек Абдиевдин төрагалыгы астында Баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик координациялык комитеттин кезектеги жыйыны болуп өттү.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Медербек Алиев, ИИМдин, УКМКнын, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Башкы прокуратуранын, ТИМдин, Жазаларды аткаруу кызматынын, Чек ара кызматынын, Коргоо министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин, Айыл чарба министрлигинин, ФЧМКнын, бажы кызматынын, Экономика жана коммерция министрлигинин, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик Агенттиктин, эмгек, социалдык, Республикалык Ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун, Юстиция министрлигинин алдындагы Соттук-эксперттик кызматтын, Республикалык психиатрия жана наркология борборунун, дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин, көз карандысыз эксперттер катышышты.
Иш-чаранын ачылышына ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысынын орун басары Екатерина Накашидзе, БУУ БКБнын Кыргыз Республикасындагы Программалык кеңсесинин башчысы Андрей Селезнев, Россиянын ИИМдин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Антон Кочетов, ошондой эле чет өлкөлөрдүн дипломатиялык миссияларынын жана Кыргыз Республикасында аккредитацияланган эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышышты.
Комитеттин отурумунда төмөнкү Кыргыз Республикасынынн Министрлер кабинетинин жана Жогорку Кеңешинин тапшырмаларынын аткарылышы талкууланды:
-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 31.01.2024-ж. №1842-VII “Жаштар арасында баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө”;
— 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Баңгизатка каршы программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткаруу;
– 30.04.2024-жылы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары-Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы К.К.Ташиевдин 23.04.2024-жылдагы тапшырмасын аткаруу максатында өткөрүлгөн баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө ведомстволор аралык кеңешменин протоколун аткаруу.
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 19.10.2024-жылдагы №16207-жылдагы “Көзөмөлдөнүүчү тизмелерге жаңы психоактивдүү заттарды (НПВ) киргизүүнү ыкчам кароо жөнүндө»тапшырмасын аткаруу.
Жогоруда аталган документтердин ар бир пункту деталдуу талдоого алынды, алардын аткарылышынын учурдагы абалы такталды, ишке ашыруу процессинде келип чыккан көйгөйлөр угулду. Болгон оң учурлар менен катар жергиликтүү бийлик органдарын координациялоодо жер-жерлерде баңгиликти профилактикалоо боюнча чараларды ишке ашырууга тиешелүү, ошондой эле синтетикалык Баңгизаттарды экспертизалоодо жана баңги каражаттарынын жана психотроптук заттардын Улуттук тизмелерин өркүндөтүүдө мамлекеттик органдардын потенциалын бекемдөө боюнча бир катар боштуктар табылган жана талкууланган.
Отурумдун жүрүшүндө республиканын аймагы аркылуу афган тектүү баңгизаттардын транзитине, синтетикалык баңгизаттардын таралышынын жана күчтүү таасир этүүчү дары-дармектер менен кыянаттык менен пайдалануунун өсүшүнө, ошондой эле Баңгизаттарды жарнамалоодо жана сатууда Интернет-ресурстарды жана социалдык мессенджерлерди активдүү колдонууга байланыштуу баңги кырдаалынын актуалдуу маселелери талкууланды.
Республикадагы баңги абалындагы кырдаалдын терс тенденцияларын эске алуу менен, Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду контролдоо боюнча Мамлекеттик координациялык комитетинин төрагасы Нурбек Абдиев жана мүчөлөрүн баңгизаттарды транзиттөө, ири партияларды сатуу менен алектенген трансулуттук кылмыштуу уюшкан топтордун, анын ичинде интернет тармагында, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык жана коомдук уюмдар менен өз ара аракеттенүүдө баңгизаттарды колдонуунун алдын алуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү улантууга чакырды.
Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду контролдоо боюнча Мамлекеттик координациялык комитетинин жыйыны ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен өткөрүлдү.